28.02.2019 11:14

Кундуз Жолдубаева: Алмазбек Атамбаевге каршы иш боюнча соттун чечими даяр экени билинип эле турат

Кундуз Жолдубаева:  Алмазбек Атамбаевге каршы иш боюнча соттун чечими даяр экени билинип эле турат

Бул иш доогер тараптын пайдасына чечилерине 100 пайыз ишенебиз. Бул туурасында үч саясатчынын Алмазбек Атамбаев жана «Апрель» телеканалына каршы берген доо арызы боюнча соттук отурумда КСДП расмий мүчөсү Кундуз Жолдубаева билдирди. 

Анын айтымында, судьянын бул иш боюнча кандай чечим чыгараары айдан-ачык болуп турат. «Бул иш доогер тараптын пайдасына чечилерине 100 пайыз ишенебиз. Өткөндө эле көрдүңүздөр, сот батыраак чечим чыгарууга аракет кылды. Биз берген эки өтүнүчтү тең сот четке какты. Алмазбек Атамбаев өз сөзүндө Бекназаровду кузгун деген жок, кузгундарга окшоп деди. Бул сөз айкалыштары боюнча лингвистикалык экспертиза зарыл болчу. Сотко басым кылындыбы, жокпу айта албайбыз, бирок, бул иш боюнча соттун чечими даяр экени билинип эле турат», -деди Кундуз Жолдубаева.

Эскерте кетсек, бүгүн Бишкек шаардык Октябрь райондук сотунда Акматбек Келдибеков, Азимбек Бекназаров жана Кеңешбек Дүйшөбаевдин экс-президент Алмазбек Атамбаев жана «Апрель» телеканалына каршы берген доо арызы боюнча соттук отурум жүрүп жатат.